Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/01 14:39
 

Учак кырсыгынын кесепетинен жабыркаган 11 адам ооруканага жаткырылды, алынган маалыматтар боюнча 31 жаран каза болду

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бишкек шаарындагы медициналык мекемелеринде бүгүн, 16-январда Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында болгон «Боинг – 747» авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган 11 жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдирди.

Учурда Улуттук гостипалда жана Бишкек шаарындагы ортопедия жана травматология илим-изилдөө борборунда, балдардын шаардык клиникалык ооруканасынын медициналык тез жардам көрсөтүү кызматында 7 жаран, шаардык гинекологиялык орууканасында – бирөө жана Сокулук аймактык оорканасында бир жабыркалуучу жаткырылды.

Эскерте кетсек, бүгүн, болжол менен Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 07:30 Боинг-747 учагы кыйраган авиа кырсыктан болжол менен 31 жаран мерт кетти. Маалыматтар такталууда.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу