Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 14:35
 

Төрага Чыныбай Турсунбеков фракциялардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 16-январда адам өлүмүнө алып келген Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын кырсыкка учураганына байланыштуу парламенттик фракциялардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Иса Өмүркулов (КСДП), Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызста"), Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата-Журт"), Алтынбек Сулайманов ("Бир-Бол"), Мирлан Бакиров ("Өнугүү-Прогресс") катышты.

Жыйын катышуучулары учак кырсыгынын курмандыктарын эскеришип, маркумдардын үй бүлөлөрүнө жана жаракат алган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жагдайларын талкуулашты. Алар авиакырсыкты дыкат иликтөө зарылчылыгын да белгилешти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу