Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/01 12:33
 

Чыныбай Турсунбеков учак кырсыгында каза болгондордун жакындарына көӊүл айтты

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков учак кырсыынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Төмөндө көңүл айтуунун тексти берилет:

«Урматтуу мекендештер!
16-январь күнү таңга маал жүк ташыган Боинг-747 үлгүсүндөгү учактын "Манас" аба майданына жакын жерде кулап түшүүсүнө байланышкан кабарды өтө катуу кайгыруу менен кабыл алдык.
Жай тургундардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу жалпы кыргыз эли үчүн оор жоготуу.
Ага ылайык, кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм.
Учак кырсыгында каза болгондордун жакындарына жана жаракат алган жарандарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын атына материалдык жардам көрсөтүлөт.
Терең кайгыруу менен,

Чыныбай Турсунбеков,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы».

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу