Коом

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
16/01 11:59
 

"Боинг — 747" учагынын кыйрашынын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен бүгүн, 16-январда Чүй облусундагы Сокулук районунун Дача-Суу айылында орун алган авиациялык кырсыктын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Буйрукка ылайык, адам курмандыктарына алып келген Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учуроо фактысын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссияны Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жетектейт.

Аталган өкмөттүк комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

Мухамметкалый Абулгазиев – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;

Кубатбек Боронов – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Жамшитбек Калилов – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Талантбек Батыралиев – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Эрлан Абдылдаев – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Улан Исраилов – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Абдиль Сегизбаев – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Бактыбек Кудайбергенов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу