Коом

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/01 10:42
 

Бишкекке жакын жерде учак кыйраган жер (фото)

Бишкекке жакын жерде учак кыйраган жер (фото)

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Чүй облусунан тез жардам кызматынын 2 бригадасы учак кырсыгы болгон жерге тиешелүү жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облустук, Сокулук аймактык ооруканасы, Сокулук районунун үй-бүлөлүк медицина борбору жабыркагандарды кабыл алуу үчүн орун даярдашты.

2 өрткө каршы унаада 7 өрткө каршы бөлүм окуя болгон жерде иштеп жатат. Дача-Суу айылында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жүрөт. Ошондой эле Чүй облустук ИИББ, УКМК, ӨКМ кызматтары учак кыйраган аймакта иш алып барышууда.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 07:31 де Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылында, аэропорттон алыс эмес жерде эртең менен жүк ташуучу учак кырсыкка учураган.

ӨКМнин маалыматына караганда, 20 дан ашык адамдын сөөгү табылды.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу