Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/01 10:03
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Манас аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу Боинг — 747 учагы кыйраган жерге барды

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Манас аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу Боинг — 747 учагы кыйраган жерге барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Эскертсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:30да жүк ташуучу Боинг — 747 учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей жарылып кеткен. Учак «Түрк авиалиниясына» таандык. Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Жергиликтүү саат боюнча 09:30га карата маалыматка ылайык, учактын кыйрашынын натыйжасында адам курмандыктары жана жабыркагандар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, 15ке жакын турак-жай талкаланган, 20га жакын адам курман болгон. Жүк ташуучу учактагы өрт өчүрүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу