№27 түзөтүү колониясында камалгандардан 20дан ашык адам ачкачылык жарыялады

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Жакында №27 түзөтүү колониясында камалгандардын 20дан ашыгы ачкачылык жарыялашты, деп билдирди КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, экстремизм жана терроризм үчүн камалгандар ачкачылык жарыялашкан. Жаңы мыйзамга ылайык 2016-жылдын жай мезгилинен тартып экстремисттик жана террористтик кылмыштары үчүн соттолгондорду өзүнчө камоо талап кылынат, ошону менен бирге аларга шарттуу-мөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби колдонулбайт.
“Ачкачылык жарыялашкандар аталган мыйзам кабыл алынганга чейин соттолушкан, алар шарттуу-мөнөтүнөн мурда бошотууну жана колонияда кармоо шарттарын өзгөртүүнү талап кылышууда”,-дешти Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан.
Учурда колониянын кызматкерлери ачарчылыкты тоттотуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, деп кошумчалады басма сөз кызматынан.