Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 17:37
 

Өлкөнүн бардык аймактарында кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү зарыл – Өкмөт башчы

 Өлкөнүн бардык аймактарында кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү зарыл – Өкмөт башчы

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Марказ айылында жайгашкан жемиш питомнигин барып көрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Район акими Акрам Мадумаров аталган питомниктеги өстүрүлүп жаткан мөмө-жемиштер жана аларды өстүрүү ыкмалары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, аталган питомник айыл чарба кооперативинин алкагында иш алып барууда.

Премьер-министр өлкөнүн бардык аймактарында кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү зарылдыгын жана мамлекеттин айыл чарба кооперативдерине колдоо көрсөтүү боюнча колдо болгон мүмкүндүктөрүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков, жемиш питомнигин көрүп чыгып, Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык жактан таза продукция жергиликтүү рынокко гана чыгарылбастан, ЕАЭБ жана алыскы чеит мамлекеттерге да экспорттулушу керектигине токтолду.

Акрам Мадумаров учурда калк арасында кооперативге биригүүнүн натыйжалуулугун түшүнүү менен кабыл алынып жаткандыгын маалымдады. Эл арасында биригип чарба жүргүзүүгө карай умтулуу бар, бул жакынкы аралыкта айыл чарба кооперативдеринин санынын көбөйүшүнө шарт түзөт.
Ошондой эле сапар алкагында Өкмөт башчы Кадамжай районунун Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматына ылайык, объектинин курулушу 2016-жылы башталган, ал эски мектептин аянтында жүргүзүлүүдө. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, мектеп 225 окуучуга эсептелген.

Премьер-министр белгилегендей, мектептерди курууда алдыңкы технологияларды, тактап айтканда, энергияны үнөмдөөчү жаңы технологияларды пайдалануу керек. Өкмөт башчы мектептин курулушун өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышууда Сооронбай Жээнбеков 2004-жылы ашар ыкмасы менен салынган эски имаратты кыдырып чыкты. Бүгүнкү күндө мектепте 251 окуучу билим алууда жана 18 мугалим эмгектенүүдө.

1 из 8

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу