Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
13/01 16:25
 

ИИМ Красная Речка мектеп-интернатына буюм-тайым, кийим, азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү

ИИМ Красная Речка мектеп-интернатына буюм-тайым, кийим, азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү

Бишкек, 13-январь /Кабар/. КР ИИМи Красная Речка мектеп-интернатына жалпы суммасы 200 миң сомдук буюмдарды, кийимдерди жана азык-түлүктөрдү берди, деп билдирди ведомстводон.

Маалыматка караганда, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов башында турган делегация жалпы суммасы 200 миң сомго музыкалык жабдык, телевизор, кышкы кийим, кеңсе буюмдарын, азык-түлүк, самын жана оюнчуктарды алып келишкен.

Балдарды Жаңы Жылы менен куттуктаган Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов өз атынан интернатка 10 миң сом тартуулады.

Ошондой эле, ИИМдин бөлүмдөрү тарабынан да аталган мектеп интернатка 246 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү.

ИИМдин Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красноречен мектеп-интернатына материалдык жардам берүүсү бир топ жылдан бери салтка айланып калган. Быйыл 2017-жылы ИИМдин кызматкерлери тарабынан бул интернатты өздөрүнүн карамагына алышып жардам көрсөтүшүнө 22 жыл толот.

Интернатта мектеп жашындагы 120 майып балдар тарбияланышат.

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу