Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 15:35
 

Чыныбай Турсунбеков суукка байланыштуу тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүүнү табыштады

 Чыныбай Турсунбеков суукка байланыштуу тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүүнү табыштады

Бишкекк, 13-январь /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Министр Г.Кудайбердиева жалпы билим берүү тармагынын азыркы таптагы абалы тууралуу маалымат берди.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков кечээ парламентте алыскы, тоолуу Нарын облусунда кыш катуу болуп, көмүрдүн жетишсиздиги боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматы угулгандыгын эске салып, мындай суук күндөрү мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүү керектигин белгиледи.

Г.Кудайбердиева эл өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерине макул болуп, мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүү боюнча сунушту колдоого алып, катуу суукка байланыштуу тоолуу аймактардагы кээ бир мектептерде окуу убактылуу токтотула тургандыгын билдирди.

Билим берүү жана илим министри мындан сырткары, 2016-2017-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгынан тарта Кыргызстандагы мектептерди беш күндүк окуу тартибине өткөрүү ишинин алкагында жасалып жаткан жумуштар жөнүндө учкай кеп салды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы беш күндүк окуу тартибинин киргизилишин утурлай, эс алуу учурларында окуучулар алектене турган шарттарды жаратуу жагдайларына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ошону менен катар Ч. Турсунбеков Кыргызстандагы баардык жылануулардын башатында билим берүү тармагындагы жетишкендиктер турарын билдирип, аталган багыттагы реформаларды аягына чыгаруу зарылчылыгын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу