Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 14:54
 

Абдылдаев башкалаанын мэрине добуш берүүнү жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган эмес – БШК

 Абдылдаев башкалаанын мэрине добуш берүүнү жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган эмес – БШК

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Нурдин Абдылдав баш калаанын мэрине добуш берүүнү жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган эмес. бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
“Нурдин Абдылдаевден мындай кайрылуу болгон эмес”,-деди А.Бекматов.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн эреже боюнча өттү, добуш берүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталган жок.

“БШКнын кызматкерлери добуш берүүгө катышып, Бишкек шаарынын мэрине добуш берүүнүн жүрүшүн тыкыр көзөмөлдөп жатты. Кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган эмес”,-деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өткөн, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпчүлүк коалициядан Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп кайрадан шайланган. Анын каршылашы “Өнүгүү-Пргоресс” партиясынан талапкер Нурдин Абдылдаев аз добуш алып, шайлоонун жыйынтыгына макул эместигин билдирген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу