Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 13:50
 

Кыргызстандын бир катар мектептеринде суукка байланыштуу окуу токтотулду

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Кыргызстандын бир катар мектептеринде катуу суукка байланыштуу окуу процесси токтотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сабактар төмөнкү райондордо токтотулду:
- Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарында;
- Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө;
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда.

Окуу процессин баштоо мөөнөтү аба ырайынын шартына байланыштуу ар бир райондо өзүнчө каралат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу