Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 13:11
 

«Азия MIX» командасынын капитаны Элдияр Кененсаров «Жылдын КВНчиси» наамына лидерлик кылууда

 «Азия MIX» командасынын капитаны Элдияр Кененсаров «Жылдын КВНчиси» наамына лидерлик кылууда

Бишкек, 13-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. “КВН бардыгы үчүн” сайты КВНдин жогорку лигасынын 2016-жылдагы жыйынтыгы боюнча көрүү добуш берүү уюштурган, анын ичинде кыргыз командасы “Азия MIXтин” дагы өкүлдөрү бар. Бул тууралуу аталган сайтта кабарланган.

Интернет-булак 3 наам боюнча добуш берүү жүргүзүүдө: “Жылдын КВНчи мырзасы”, “Жылдын КВНчи айымы” жана “Ачык жыл – командасы”.
Биринчи эки наамга «Азия MIX» командасынын өкүлдөрү катышууда.

“Жылдын КВНчи мырзасы” наамына Элдияр жана Эрмек Кененсаровдор ат салышууда. Команданын капитаны Элдияр Кененсаров лидерлик кылууда. Ал эми анын бир тууганы Эрмек Мурманск курамасынын оюнчусу Герман Ивановдон кийинки 3-орунда келе жатат.

“Жылдын КВНчи айымы” наамына талапкерлердин арасында Ситора Фармонова бар, ал 5-орунда, ал эми биринчи орунда Мурманск командасынан Екатерина Веллер турат.

“Ачык жыл – командасы” наамына Кыргызстан курамасы кирген эмес.
Сүйүктүү талапкерге добуш берүү москва убактысы боюнча 16-январь саат 19:00го чейин жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу