Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
13/01 13:08
 

«Кыргыз темир жолу» ЕАЭБ алкагында унифисацияланган тарифтерди киргизүүнү 24 айга артка жылдырууну демилгелеген эмес - Нурлан Асанов

Бишкек, 13-январь /Кабар/. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы (МИ) ЕАЭБ алкагында унифисацияланган тарифтерди киргизүүнү 24 айга артка жылдырууну демилгелеген эмес. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Экономика, стратегиялык өнүгүү жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Нурлан Асанов билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» унифисацияланган тарифтерди киргизүүгө кызыкдар болгон, анткени ал эки маанилүү жагдайды жеңилдетмек.

“Биринчиден, ички чыгаша тарифтерди колдонууну четтетмек, мында жылына 100 млн сом чыгым үнөмдөлмөк. Экинчиден, Казакстандын аймагындагы унифисацияланган тарифтер Кыргызстанга да товарлардын агымын көбөйтмөк. Биз унифисацияланган тарифтерди 2015-жылдын январында эле киргизүүгө даяр болчубуз. Бирок, 2014-жылы декабрда профилдик министрлик (Транспорт министрлиги) белгисиз себептерден улам сүйлөшүүдө унифисацияланган тарифтерди киргизүүнү 24 айга артка жылдырган. Мындай чечим эмне себеп болгондугун сүйлөшүүгө катышкандардан суроо керек. «Кыргыз темир жолу» унифисацияланган тарифтерди киргизүүнү 24 айга артка жылдырууну демилгелебегендигин дагы бир жолу белгилеп кетем”,-деди ал.

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу