Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
13/01 10:33
 

“Түндүк электр” Бишкекте карызы бар 3 700 абоненттин электр камсыздоосун өчүрдү

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Бейшемби күнү, 12-январда Кыргызстандын борбор калаасында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн “акылдуу” аталган эсептегичи орнотулган (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) 3 700 абоненттеринин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле күнү төлөм терминалдарынан өз маалында жүргүзүлбөгөн эсептерди төлөгөндөн кийин жарым саат ичинде электр камсыздоого 2 500 абонент дистанциондук түрдө кошулган. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банка» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 115 миңден ашуун электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган электр эсептегичтерди орноткон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу