Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/01 09:21
 

Жалал-Абадда Азимжан Аскаровдун акталышына каршы тараптар митингге чыгышты

Жалал-Абадда Азимжан Аскаровдун акталышына каршы тараптар митингге чыгышты

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Жалал-Абадда “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү Азимжан Аскаровдун абактан чыгышына каршы жана аны өмүр бою абакта калышын талап кылышат. Аталган коомдун мүчөсү Кеңеш Калбаевдин айтымында, июнь коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров акталып чыгат деген кептер коомчулук арасында айтылып жатат. Мындан улам аталган коомдун 10го жакын мүчөсү сот, бийлик өкүлдөрүнө кайрылууну туура көрүп, чогулушкан. Алардын пикиринче, А.Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Жогорку соттун чечими күчүндө калышы керек. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча мурунку өкүм күчүндө калсын деп элдин баары талап кылууда. Бизден 10 мүчө атайын пикир билдирели деп, журналисттердин алдына чыктык. Бизде 100дөн ашуун мүчө бар, баарыбыз бир пикирдебиз. “Акталат экен” деген имиш да жөн жеринен айтылбайт, ошондон улам пикирибизди билдирип коёлу дедик. Ал жазасын албаса, эртеңки күнү кимдир бирөө дагы бул ишти кайталашы мүмкүн. Ал акталса, мамлекет тынч болбойт”, - дейт К. Калбаев.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаров 2010-жылкы улуттар аралык коогалаң учурунда милиция кызматкеринин өлүмүнө айыпталып, сот тарабынан өмур бою эркинен ажыратууга өкүм кылынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу