Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/01 21:25
 

Ысык-Көл облусунун башчысы Боом капчыгайындагы кафелерди алдыдагы турсезонго чейин тартипке келтирүүнү талап кылды

Ысык-Көл облусунун башчысы Боом капчыгайындагы кафелерди алдыдагы турсезонго чейин тартипке келтирүүнү талап кылды

Бишкек, 12-январь /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Балыкчы шаарынын мэриясында Боом капчыгайындагы кафелердин директорлору менен жолугушуп, алдыдагы туристтик сезонго даярдануу маселери жаатында сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдирди.

Асхат Акибаев кафелер тарабынан клиенттерди мыкты тейлөө алардын гана эмес, бүтүндөй облустун статусун көтөрөрүн айтты. Сүйлөшүүдө кафелердин сервисин, анын ичинде ажатканаларды 2017-жылдын 17-апрелине чейин тартипке келтирүү керектигин белгиледи.

“Сиздердин коомдук тамктануу жайыңыздар облустун жүзү болуп саналат. Эгерде кафелердин сервисин, ошондой эле ажатканаларды жалпы кабыл алынган параметрлерге ылайык тартипке келтирип алсаңыздар, адамдарда бүтүндөй облус тууралуу ошондой пикир жаралат”,-деп айтты ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу