Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
12/01 17:49
 

Кадр кызматында «Глобал Технолоджи Солюшнс» ЖЧК менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кадр кызматында «Глобал Технолоджи Солюшнс» ЖЧК менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек, 12-январь /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматында «Глобал Технолоджи Солюшнс» жоопкерчилиги чектелген коому менен өз ара мамиле куруу жана кызматташуу боюнча меморандумга кол кою аземи болду. Бул тууралуу ведомтвонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев ачып, аталган коомдун кызматташууга болгон ынтызаарлыгына ыраазычылыгын билдирди.

Ал конокторду КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, жогорку кесипкой мамлекеттик жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын түзүү кадр кызматынын негизги иши экенин белгиледи. Ошондой эле, КРнын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, аларды кайра даярдоо боюнча окутууларды жүргүзүүнү, кызматкерлерди чет мамлекеттерге тажрыйба алмашууга жиберүүнү координациялаган жалгыз орган экенин баса белгиледи. Андан сырткары, 2016-жылы 30-майда Президент кол койгон “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзам тууралуу айтып берди.

Жогоруда айтылган компаниянын директору доктор Дэнни Ж. Чо Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматкерлердин башкаруу сапатын жогорулатууга кошкон өзгөчө салымына токтолуп, анын Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик институттардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Доктор Дэнни Ж. Чо“Глобал Технолоджи Солюшнс” жоопкерчилиги чектелген коому билим берүү, логистика, жарандык авиация, иштиктүү англис жана маалымат технологиялар багытында иш алып барарын айтып, Кыргызстанда 2012-жылдан баштап иштеп келгенин жана Кыргыз Республикасындагы университеттерде логистика боюнча эң эле актуалдуу билимди жайылтып жатканына токтолду. GTSтин өзгөчө ишмердүүлүгү маалыматтык системаларды өнүктүрүү болуп саналат.

Доктор Дэнни Ж. Чо “Глобал Технолоджи Солюшнс” ЖЧК Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлерге башкаруудагы маанилүү маселелер, долбоордук менеджмент, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана манилүү чечимдерди кабыл алуу боюнча сапаттуу билим берүү, квалификацияны жогорулатуу багытында көмөктөшүүгө бардык күчун жумшарын”,- айтты.

Тараптар жылуу пикир алмашуудан кийин өз ара мамиле куруу жана кызматташуу боюнча меморандумга кол кою аземине өтүштү. Ага КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев жана «Глобал Технолоджи Солюшнс» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору доктор Дэнни Ж. Чо кол койду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу