Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 16:49
 

Женевада оор атлетчи Иззат Артыковдун допингге байланыштуу иши боюнча соттук угуу болду

Женевада оор атлетчи Иззат Артыковдун допингге байланыштуу иши боюнча соттук угуу болду

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Женевада (Швейцария) оор атлетчи Иззат Артыковдун допингге байланыштуу иши боюнча соттук угуу болду, деп билдирди КРнын Оор атлетика боюнча федерациясынан.

Маалыматка караганда, 11-январда Женевада болгон Иззат Артыковдун допингге байланыштуу иши боюнча соттук угуу 7 саатка созулган. Ага Эл аралык олимпиада комитетинин адвокаттары, арбитрлер, Иззат Артыковдун адвокаты жана өзү, КРнын Оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов катышкан. Соттун чечими бир нече убакыттан кийин жарыяланат. Ошондой эле, Федерациядан У.Молдодосов Кыргызстанга кайтып келе жатканын билдиришти.

Эскерте кетсек, Иззат Артыков Бразилияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышып, коло медаль жеңип алган. Бирок, кийин стрихнин допингин колдонгон деген жүйөө менен медалдан четтетилген. Буга байланыштуу КРнын Улуттук Олимпиада комитети CASке апелляциялык арыз менен кайрылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу