Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 16:24
 

Сүрөтчүсү А.Жаналиев стринг-арт стилинде тарткан С.Каралаевдин сүрөтүн улуу манасчынын урпагына берди

Сүрөтчүсү А.Жаналиев стринг-арт стилинде тарткан С.Каралаевдин сүрөтүн улуу манасчынын урпагына берди

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Кыргыз сүрөтчүсү Азамат Жаналиев жип жана мык менен стринг-арт стилинде тарткан Саякбай Каралаевдин сүрөтүн улуу манасчынын түздөн-түз урпагы болгон Алмаз Тиленовго берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине сүрөттүн автору Азамат Жаналиев өзү билдирди.

Анын айтымында, С.Каралаевдин сүрөтүн быйыл 4- январда тартып бүткөн.

“Менин коллекциямда Кыргызстандын атактуу адамдарынын ичинен бул экинчи портрет. Биринчи портретти Чыңгыз Айтматовга арнагам”,-деди А.Жаналиев.

Ал ошондай эле алдыдагы пландары тууралуу да айтып берди.
“Сүрөттөрүмө патент алып, чыгармачылыгымды чет өлкөлөрдө улантуу үчүн жакында Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга келдим. Дүйнөдө биринчи мертебе стринг-арт көргөзмөсүн ачуу планым бар. Ал көргөзмөгө Мухаммед Али, Майк Тайсон, Майкл Джексон, Роналдо жана Месси, ошондой эле араб шейхтеринин сүрөттөрү коюлат”-деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, А.Жаналиев буга чейин Чечен Республикасынын 1-президенти Ахмад Хаджи Кадыровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин сүрөттөрүн жип жана мык менен стринг-арт стилинде тарткан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу