Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 15:23
 

Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация эртең Саудияга жөнөп кетишет

Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация эртең Саудияга жөнөп кетишет

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин чакыруусу менен Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев, КМДБнын ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын Жарандык авиациялык агенттигинин өкүлү менен биргеликте эртең, 13-январда Сауд Арабиясына атайын иш-сапары менен жөнөп кетишмекчи. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапар алкагында 2017-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин алдындагы тиешелүү ведомства жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандык ажыларды тейлөө жана кызмат көрсөтүү жаатында пикир алышып, келишимдерге кол коюп келишмекчи.

Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиядагы элчиси Абдулатиф Жумабаевдин катышаары дагы күтүлүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу