Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 12:35
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2 күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-13-январда Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Баткен шаарына болгон сапарынын алкагында аскер кызматкерлери үчүн турак-жайлардын, Баткен аймактык биофабрикасынын курулушу менен таанышат, № 26-өрт коопсуздугуна каршы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышат жана Калкты тейлөө боюнча борбордун ишмердүүлүгү менен таанышат.

Премьер-министр ошондой эле Ортобоз айылындагы жаңы балдар бакчасынын ачылыш салтанатына катышат жана Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Лейлек районунда Сооронбай Жээнбеков райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барат, ошондой эле Тогуз-Булак айылындагы орто мектептин жана Исфана шаарындагы №48-кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Кадамжай районунда Өкмөт башчы селден жабыркаган көпүрөнүн реконструкцияланышы менен таанышып, Арпасай айылындагы жемиш питомнигин кыдырып, Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто мектептин курулушун көзөмөлдөп, андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы «Манастын» эстелигинин ачылышына катышмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу