Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/01 12:18
 

«Ала-Тоонун айымдары» РФ Президенти Владимир Путинди “Жылдын адамы” деп таанышты

«Ала-Тоонун айымдары» РФ Президенти Владимир Путинди “Жылдын адамы” деп таанышты

Бишкек, 12-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. “Ала-Тоонун айымдары” коомдук-экологиялык кыймылы Россиянын Президенти Владимир Путинди жыл сайын берилүүчү “Жылдын адамы” наамы менен сыйлады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Ала-Тоо аялдары” КЭКтин төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирди.

Белгиленгендей, буга чейин бул наамга Президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков татыган.

“2016-жылы беделдүү тандоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан бир добуштан аталган наамга РФ Президенти Владимир Путиндин талапкерлиги сунушталган. Бул сыйлык РФ Президентинин достукту бекемдөөгө кошкон салымы жана “Газпромдун” аркасында Ысык-Көлдө жана Бишкекте спорттук комплекстер курулгандыгы, андан тышкары алардын жардамы менен Чолпон-Атадагы ат майдандын курулганы үчүн берилди. Биз “Газпром”, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келе жатканы үчүн, ошондой эле Россиядагы биздин жарандар укуктары бузулбай, өздөрүн үйүндөгүдөй сезип, ээн-эркин жүрүшкөнү үчүн Россияга ыраазыбыз”,-деген ал, Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ленинград блокадачыларына дагы жакшы жардамдар көрсөтүлүп келүүдө деп кошумчалады.

Өз кезегинде элдик акын Гүлсара Момунова эң кыйын учурда Кыргызстанга Россия колун сунуп, жардам берип, колдоп келген деп белгиледи.

“В.Путиндин өлкөнү жакшыртууга кошкон салымы чоң. Аталган сыйлык биздин жүрөгүбүздө болгон. Анткени, оор кырдаалда кол сунуп, жардам бергендер эч качан унутулбайт. Экинчи президент К.Бакиевдин учурунда дагы ал калктын жашоосун жакшыртууга каражат бөлгөн, бирок каражаттар чиновниктердн чөнтөгүнө кеткенин билгенде көңүлү калган. Эч ким Кыргызстанга Россия сыяктуу жардам берген эмес”,-деди ал.

Мындан тышкары, маалымат жыйындын катышуучулары эл аралык иштерди чечүүгө дагы В.Путиндин салымы чоң экенин белгилешти.

Ошондой эле, Жыпаргүл Бергибаева РФ башчысына статуэтканы жана дипломду тапшыруунун техникалык учуру иштелип чыгат деп кошумчалады.

“Биз Россиянын КРдагы элчилигине жана Тышкы иштер министрлигине кайрылдык, бирок азырынча эч кандай жооп келе элек. “Россия аялдар биримдиги” менен жакшы мамиледебиз, биз аларга дагы кат жолдодук. Статуэтка жана диплом өзүнүн ээсин табат деп ишенебиз”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу