Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 10:52
 

Бишкекте көчөдөн алган жаракатынан улам 10 күн аралыгында Травматология борборуна 195 адам кайрылган

Бишкекте көчөдөн алган жаракатынан улам 10 күн аралыгында Травматология борборуна 195 адам кайрылган

Бишкек, 12-январь /Кабар/. 2017-жылдын 1-10-январында көчөдөн алган жаракатынан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна 195 адам кайрылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордун башкы врачы Алмаз Кубанбеков билдирди.

Анын айтымында, жаракат алып кайрылгандардын ичинен 40 адам госпиталга дарыланууга жаткырылды. 40 адамдын 13үнүн жогорку жамбаш сөөгү сынса, 22синин төмөнкү жамбаш сөөгү сынган.

“Былтыркы жылы да көчөдөн жаракат алгандардын саны ушундай эле көрсөткүчтү түзгөн. 155 адам амбулатордук дарылоодон өтүштү”-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу