Коом

Январь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/01 10:45
 

Кыргызстанда 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча кампания старт алды

Кыргызстанда 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча кампания старт алды

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кезектеги декларациялык кампания жылдын башынан баштап жана эки этапта өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Ошону менен бирге, ушул жылдан тартып Бирдиктүү салык декларациясын муниципалдык кызматкерлер, аскер кызматындагылар, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да тапшырууга милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

2016-жылы Бирдиктүү салык декларацияны 386 миң 767 салык төлөөчү тапшырды. Тапшыргандардын ичинен 37 миң 238 - мекеме, 167 миң 784 - жеке ишкерлер, 161 миң 745 - жеке жактар жана 14 миң 219 – мамлекеттик кызматкерлер болду.

"Декларацияны тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санынын жылына өсүш тенденциясынын туруктуулугун статистика көрсөтүүдө. Муну менен, 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу декларациялар 15 миң 730га, ал эми 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу - 18 миң 581ке көп болгон. Декларациялык кампания тууралуу толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан же www.sti.gov.kgсайтынан алууга болот",-деп айтылат МСКнын маалыматында.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу