Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/01 16:19
 

Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер кайсылар?

Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер кайсылар?

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесиптер – газэлектрширетүүчүлөр, чачтарачтар, компьютерлердин операторлору, ашпозчулар, тигүүчүлөр, электрмонтажчылар жана башкалар, деп билдирди Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен.

Маалыматка караганда, каттоодо турган жумушсуздардын саны 84,7 миң адам. Алардын ичинен расмий жумушсуздук статусун алгандар 55,9 миң адам. Расмий жумушсуздардын көлөмү экономикалык активдүү калктын ( 2544,3 миң адам) 2,2%ын түзгөн.

Иш менен камсыз кылуу кызматына жөнөтүлгөн ваканттык жумушчу орун 43,8 бирдикти түзгөн, мында жумушчулук кесипке суроо-талап көп болгон. Бир бош орунга 13 адам туура келген.

Эмгек рыногунда жумушчулук кесипке суроо-талаптын көптүгү эске алынып, жумушка орноштуруу кызматы тарабынан кесипчилик окууга 7,1 миң адам жиберилген. Алар - газэлектрширетүүчүлөр, чачтарачтар, компьютерлердин операторлору, ашпозчулар, тигүүчүлөр, электрмонтажчылар, 1С билими талап кылынган бухгалтерлер, бычмачылар, кеңсе-менеджерлер.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу