Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/01 13:45
 

Жаңы шайланган мэр Албек Ибраимов мэриянын биринчи кезектеги милдеттерин айтып берди

 Жаңы шайланган мэр Албек Ибраимов мэриянын биринчи кезектеги милдеттерин айтып берди

Бишкек, 11-декабрь /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кайрадан шайланган мэр Албек Ибраимов бүгүн басма сөз жыйынлда мэриянын биринчи кезектеги милдеттерин айтып берди.

“Биз артыкчылыктарды аныктап алдык. Шаарда бардык маселелер көңүл бурууну талап кылат. Бирок, көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан маселелер дагы бар, алар биринчи кезекте чечилүүсү керек. Эң алгач биз жолдордогу тыгындарды азайтуу үчүн жөө өтмөк зоналарына, айланып өтмө унаа жолдорго басым жасадык. Статистика боюнча шаарда унаалардын санынын көптүгүнө байланыштуу унаа токтотуучу жайлар маселесин чечүүгө даярбыз. Ошондой эле, социалдык маселелерди чечүү дагы биринчи орунда турат”,-деди А.Ибраимов.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ал шаардын бюджети салыктык эмес түшүүлөрдүн эсебинен көбөйтүлө турганын билдирди. “Салыктык түшүүлөр республикалык салык кызматынын укугу. Ушуга байланыштуу Өкмөттүн деңгээлинде көтөрүлгөн маселе бар. Биздин компетенциябыздагы барды маселелерди мэриянын деңгээлинде чечебиз”,-деди А.Ибраимов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу