Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/01 13:23
 

Мэр А.Ибраимов аны колдогон митинг добуш берүүгө канчалык таасир тийгизгенин билбестигин айтты

Мэр А.Ибраимов аны колдогон митинг добуш берүүгө канчалык таасир тийгизгенин билбестигин айтты

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Жаңы шайланган мэр Албек Ибраимов бүгүн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мэриянын алдында аны колдогон митинг добуш берүүгө канчалык таасир тийгизгенин билбестигин айтты.

“Бул митингди мен уюштурган жокмун. Митинг добуш берүүгө канчалык таасир тийгизгенин билбейм. Мен деле сиздер сыяктуу залда олтурдум. Митингди укук коргоо органдарынын кызматкерлери байкап турушту”, -,деди ал.

Митингди өткөрүүгө уруксат берилгенби, деген суроого мэр, мындай жыйынга уруксат алуу чоң аянттарда өткөндө гана берилээрин белгиледи.
“Ал эми бул жерде жөн-салды митинг болду. Ага уруксат алуунун кереги жок”,-деп айтты мэр.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу