11.01.2017, 10:32

Бишкек шаарынын мэриясынын алдында А. Ибраимовду колдогон митинг өтүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын алдында А. Ибраимовду колдогон митинг өтүүдө

Бишкек, 11 –январяь /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын алдында Албек Ибраимовдун шаар башчылыгына талапкерлигин колдогон митинг өтүүдө. Талапкерди колдоого 100дөн ашык адам келишкен.

Алар мэр А.Ибраимовду колдоого чакырган транспаранттарды жана плакаттарды кармап турушат. Митингчилер шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары аны колдошооруна ишеним артышууда.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болот. Мэр кызматына эки талапкер - Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлгөн шаар мэри А.Ибраимов менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көрсөткөн Нурдин Абдылдаев ат салышат.