Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/01 11:14
 

КТЖнын башчысы Казакстан, Кыргызстандын темир жол кызматкерлерин коңшу мамлекеттин жарандыгын алууга мажбурлап жатат деген билдирүүсүнө комментарий берди

КТЖнын башчысы Казакстан, Кыргызстандын темир жол кызматкерлерин коңшу мамлекеттин жарандыгын алууга мажбурлап жатат деген билдирүүсүнө комментарий берди

Бишкек, 11- январь /Кабар/. «КыргызТемирЖолу» (КТЖ) мамишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев эксперт Азамат Такырбашевдин Казакстан, Кыргызстандын темир жол кызматкерлерин коңшу мамлекеттин жарандыгын алууга мажбурлап жатат, деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Кечээ ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектур жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында А.Такырбашев Таластын Казакстан менен чектешкен 2 темир жол станциясында жумушчуларды казак жарандыгын алууга мажбурлап жаткандыгын, болбосо иштен бошотушарын айтып жатышканын билдирген.

Өз кезегинде А.Ногойбаев станциялар Казакстандын чек арасында жайгашканын, анын ичинде Маймак станциясы Кыргызстандын аймагында турганы менен Казакстанга тиешелүү экендигин түшүндүрдү.

“1996-жылы Кыргызстан жана Казакстандын ортосунда өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык Казакстандын аймагындагы 59 км темир жолу – Чолдовардан Луговойго чейинки темир жолу Кыргызстандын колдонуусуна өтөөрү, ал эми Таластагы Маймак станциясынан башталган 14 км темир жолу Казакстанга өтөөрү белгиленген. Аталган темир бөлүгү коңшу мамлекетке тиешелүү болгондуктан, алар жумушчуларга өз талаптарын коюшат. Алардын мыйзамы казак жарандуулугун талап кылып жатса керек. Алар бизге кийлигише албаган сыяктуу эле, биз да аларга кийлигише албайбыз” - деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу