Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/01 10:20
 

КР Өкмөтү башкалаа муниципалитетинин кызматкерлерин сыйлады

КР Өкмөтү башкалаа муниципалитетинин кызматкерлерин сыйлады

Бишкек, 11- январь /Кабар/. Мэриянын имаратында Бишкек мэриясынын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин КР Өкмөтү тарабынан сыйлоо аземи болду, деп билдирилди башкалаа муниципалитетинин басма сөз кызматынан.

Кыргызстанга өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен “Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасынын“ айдоочусу Абдрахманов Муканбет сыйланды.

КР Премьер-министр С.Ш. Жээнбековдун атынан “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын багбаны Ормокеев Улан Сабыралиевичке, Бишкек шаардык медициналык тез жардам станциясынын врачы Кайкиева Гүлнара Абджапаровнага, Октябрь районунун башчысынын орун басары Кузнецова Татьяна Анатольевнага Алкыш жарыяланды.

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы №563 буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жапаров Азамат Бактыбековичке, “Бишкексвет” ишканасынын башчысы Кожомкулов Азамат Төлөмүшовичке, “Тазалык” ишканасынын башчысы Сарпашев Рыспек Анаковичке алкыш жарыяланды.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абылаев Замирбек Адылович “Бишкек шаардык мэриясынын күмүш белгиси” менен сыйланды.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу