Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/01 18:23
 

Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдүн бир кызматкерине 11 миңден ашык бала туура келет

Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдүн бир кызматкерине 11 миңден ашык бала туура келет

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдүн бир кызматкерине 11 миңден ашык бала туура келет, деп билдирди КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан.

Ар кандай себептерден улам балдар турмуштук татаал кырдаалга туш келип калышы мүмкүн. Бул учурда алардын укугун коргоо мамлекетке жүктөлөт.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 1 млн 300 миң үй-бүлө жашайт, алардын 2 млн 336 миңи балдар. Мында өлкө боюнча үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо бөлүмдөрүндө болгону 209 кызматкер иштейт. Демек, аталган бөлүмдүн бир кызматкерине 11 миңден ашык бала туура келет. Андыктан жарандар айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан окуяларга көз жумуп койбой, өз учурунда 102 милиция телефонуна же 111 балдардын ишеним телефонуна чалып коюулары парз.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу