Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/01 18:11
 

Азирети Муфтий дин кызматкерлери үчүн уюштурулган окуу семинарынан кабар алды

 Азирети Муфтий дин кызматкерлери үчүн уюштурулган окуу семинарынан кабар алды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарындагы «Биринчи кадам» кайрымдуулук мекемесинде билим алып жаткан дин кызматкерлердин окууларынан кабар алып, семинардын жүрүшү менен жакындан таанышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Имамдар менен болгон жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев имам үлгүлүү болуш керек экендигине токтолуп, дин кызматкерлерин терең билим алууга чакырды. Ошондой эле, Азирети Муфтий 6 күндүк семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, өзүнүн акыл-насаатын, кеп-кеңештерин айтып өттү.

Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Ыйман" фонду тарабынан уюштурулган 6 күндүк семинарда Бишкек жана Ош шаарларында 288 имам билим алууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу