Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
10/01 17:43
 

Добуштарды сатып алууга жазаны күчөтүү – шайлоо процессинин системасын жакшыртат – саясат таануучу

 Добуштарды сатып алууга жазаны күчөтүү – шайлоо процессинин системасын жакшыртат – саясат таануучу

Бишкек, 10-январь /Мирлан Кийизбаев-Кабар/. Шайлоочулардын добушун сатып алуу жана шайлоо процессине кийлигишүүгө жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору – шайлоо процессине оң таасир этет жана шайлоо системасын жакшыртат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, мурда байкалган добуш сатып алуу жана шайлоо процессине кийлигишүүлөр ушундай мыйзамдын жоктугунан болуп, ал шайлоо процессине жана шайлоонун ачык-айкындуулугуна терс таасирин тийгизип келген.

“Бул азыркы учурда элге эң эле кызык болгон маселе, добуштарды сатып алуу кеңири практикаланып кеткен, ошондуктан ушундай мыйзамды кабыл алууга мажбур болдук. Ошентип, биз укуктук нукка чыгабыз, эми жарандар добуштарды сатып алуу фактылары жана аракеттери тууралуу билдире алышат”,-деди М.Сариев.

Саясат таануучу шайлоочулардын добушун сатып алуу жана шайлоо процессине кийлигишүүгө жазаны күчөтүү шайлоо системасына оң таасир этип, шайлоочулардын добушу үчүн күрөштө шайлоо процессинин өнүгүшүнө алып келет деп белгиледи.
“Бул негизинен туура багытка карай жакшы жылыш, ал шайлоо процессин жакшыртат”,-деди М.Сариев.

Эскерте кетсек, конституциялык мыйзам, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети шайлоо процессине кийлигишүүгө – 2 жылга чейин эркинен ажыратуу, талапкерлердин шайлоочунун добушун сатып алуусуна - 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу