Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/01 17:15
 

Добуштарды сатып алууга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын санын азайтат – БШК

Добуштарды сатып алууга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору шайлоо учурунда мыйзам бузуулардын санын азайтат – БШК

Бишкек, 10-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Шайлоочулардын добушун сатып алуу жана шайлоо процессине кийлигишүүгө жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору апробациядан өттү жана бейөкмөт уюмдардын дагы колдоосуна алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев билдирди.

Эскерте кетсек, конституциялык мыйзам, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети шайлоо процессине кийлигишүүгө – 2 жылга эркинен ажыратуу жана добуштарды сатып алууга – 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

К.Осмоналиевдин айтымында, кылмыш мыйзамын дайындоо жазалоого караганда алдын алуу кызматын аткарат. Ал эми олуттуу жазалоо жарандардын добуштарын сатып алууга ниеттенген шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жоопкерчилигине тиешелүү.

“Ушуга байланыштуу аталган беренеге кабылган субъекттер чөйрөсүнүн саны кыскартылды. Бул талапкерлер, анын жакын жана ишенимдүү тууган-уруктары болушу мүмкүн. Жеке мен бул маселеде чөйрөнүн санын кеңейтүү керек болчу деп эсептейм, ким мыйзам бузса анын бары жазалануусу керек. Ошондой эле, добуштарды сатып алуу тууралуу беренени жекеден жеке-коомдукка которуу зарыл болду. Бул эң эле аз дегенде”,- деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, БШКнын мүчөсү мыйзам долбоору шайлоо учурунда мыйзам бузууларды азайтууда роль ойнойт деди.

“Мыйзам долбоору аны кабыл алууга чейин эле апробациядан өттү, “Таза шайлоо” уюму документти позитивдүү баалады. Бул жерде дагы эксперттер иштеди. Депутаттар мыйзам долбоорун референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого чейин кабыл албай калганы өкүнүчтүү болду. Бул жерде айрым адамдардын кызыкчылыгы болгон”,-деп кошумчалады ал.

Жыйынтыгында ал БШКда жумушчу тобу түзүлүп, ал шайлоо мыйзамын карап чыккандан кийин келерки жумада иштин жыйынтыгын угузарын белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу