10.01.2017, 17:05

Samsung Galaxy Note 7ни “Манас” аэропорту аркылуу алып өтүүгө тыюу салынды

Samsung Galaxy Note 7ни “Манас” аэропорту аркылуу алып өтүүгө тыюу салынды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Samsung Galaxy Note 7 электондук жабдууларын “Манас” аэропорту аркылуу алып өтүүгө тыюу салынды, деп билдирди аэропорттун басма сөз кызматынан.

“2017-жылдын 1-январынан тартып “Манас” эл аралык аэропорту Samsung Galaxy Note 7 электондук жабдууларын өзүнчө жүк менен да, колго көтөргөн жүк менен да “Манас” аэропортунан уча турган аба кеменин бортуна алып кирүүгө тыюу салды”,-деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, мындай чечим “Манас” эл аралык аэропорту ААКтын авиациялык коопсуздук боюнча аэропорттук комитети тарабынан кабыл алынган.