Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/01 15:33
 

Франциянын фармацевттик компаниялары Кыргызстандын рынокторуна кызыгышууда

Франциянын фармацевттик компаниялары Кыргызстандын рынокторуна кызыгышууда

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Франциянын фармацевттик компаниялары Кыргызстандын рынокторуна кызыгышууда. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Талантбек Батыралиевдин Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру менен болгон жолугушуусунда айтылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушууда элчи Франциянын Кыргызстандагы элчилиги билим алуу жана саламаттыкты сактоо адистерин даярдоо жаатында иштерди жүргүзүү ниетинде экенин маалымдады.

“Францияда билим алуу , анын ичинде медициналык билим алуу акысыз. Дагы бир белгилеп кетчү жагдай – Россияда жана Казакстанда көптөн бери ишин жүргүзүп жатышкан Санофи жана Сервье өңдүү дары-дармек каражаттарын өндүргөн ишканалар экономикалык өсүүсү кайла позитивдүү болгон Кыргызстандын рынокторуна да кызыгышууда. Андыктан алар бул багытта мамлекеттик сатып алууларга катышууну жана Кыргызстандын элине сапаттуу дары-дармектерди тартуулоону калайт”,-деди Микаэль Ру.

Өз кезегинде министр Т.Батыралиев КР Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюу жолу менен нормативдик-укуктук базаны даярдоого жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу