Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/01 13:25
 

“Азия MIX” командасы Сочиде “КиВин-2017ге” катышат

 “Азия MIX” командасы Сочиде “КиВин-2017ге” катышат

Бишкек, 10-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. “Азия MIX” командасы КВНдин Сочиде өтө турган “Кивин-2017” фестивалына катышат. Бул тууралуу команда өзүнүн Instagramдагы баракчасына билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн командалар чүчү кулак кармашат. 11-январдан 15-январга чейин фестивалдын 1-туру, 18-январда 2-туру өтөт.
1-турдун жеңүүчүлөрү КВНдин башка лигаларына катыша алышат, ал эми 2-турдагы жеңиш командалардын жыйынтыктоочу гала-концертке катышуусуна жол ачат.

Мындан тышкары, Кыргызстандан 3 команда барат: “Позитифф” – Ала-Тоо аймактык лигасынын чемпиону; “Элдин балдары” “Жарайт Ситинин” резиденти жана Кыргызстандын КВН чемпиону – “Дипломаттар” командасы.

КВНдин 28-Эл аралык фестивалы 10-23-январда өтөт. Бул жылы катышууга Россия, Армения, Белорусь, Улуу Британия, Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Эстония, Тажикстан, Абхазия, Украинадан 640 команда катталган.

Эскерте кетсек, өткөн жылы “Азия MIX” командасы “Чоң алтын КиВиН” жана 400 миң рубль утуп алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу