10.01.2017, 11:43

“Ыйман” фонду Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына карата китеп чыгарды

“Ыйман” фонду Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына карата китеп чыгарды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. “Ыйман” фонду “Ыйман жарчылары” аталышындагы кезектеги китебин чыгарды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Китеп Ыйман, адеп жана маданияттуулук жылына арналды. Ага улуу кыргыз акындарынын улуттук маданият, адамдык баалуулуктар тууралуу чыгармалары киргизилди жана терең тарбиялык мааниге ээ. Окурмандар Барпы Алыкулов, Жеңижок, Калыгул Бай уулу, Молдо Нияз, Токтогул Сатылганов жана башка белгилүү акындардын чыгармаларын таба алышат.

Китептин максаты – улуу акындардын даанышмандыгы аркылуу элдин руханий баалуулугун көтөрүүгө салым кошуу.

Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында, адептүүлүк – бул адамдын абийиринин маңызы. Татыктуу адам – урматтабай коюга мүмкүн болбогон адам, ал өзүнүн бардык кылган-эткени менен урмат-сыйды, ардактоону, жактырууну, жакшы көрүүнү чакырып турат. “Кыргызстанда эң эле баалуу байлык – бул анын эли. Бизге интеллектуалдуу, руханий жактын өнүккөн инсандар керек. Маданият сөзү – бул опера жана балет гана эмес, ал уяттуулук, башкаларга сый көрсөтүү, жакшы жүрүм-турум. Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн өлкөнүн жарандары, жаш муундун өкүлдөрү өз тарыхын жана эне тилин билген, маданияттуу, билимдүү, тарбиялуу болуусу керек”,-деди фонддун төрагасы.

Эскерте кетсек, китеп иштеп чыгуучулардын тобуна кирген жаш балдар менен кыздардын демилгеси боюнча түзүлдү.