Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/01 11:32
 

Бишкекте люктар, жол белгилери оңдолуп, асфальт төшөлүүдө

Бишкекте люктар, жол белгилери оңдолуп, асфальт төшөлүүдө

Бишкек, 10-январь /Кабар/. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын (МИ) маалыматына караганда, Скрябин көчөсүндө мурда коюлган люктарды оңдоп-түзөө жана асфальттын алгачкы катмарын төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен катар эле «Бишкекасфальтсервис” МИ тарабынан эскирип жана бузулуп калган жол белгилери алынып, Бишкек шаарынын Жол-кайгуул милициясы башкармалыгынын көрсөтмөсү менен жаңы жол белгилери орнотулууда.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаар меймандарын өз өмүрүнө жана жанындагылардын өмүрүнө сак болууну эскертет. Ошондой эле, жол белгилерин бузбоону жана сындырбоону, аяр мамиле кылууну өтүнөт, деп айтылат билдирүүдө.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу