Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
10/01 11:02
 

Бишкекте Кореяда кыргыз жарандарын жумушка легалдуу орноштурууну кеңейтүү маселеси талкууланды

 Бишкекте Кореяда кыргыз жарандарын жумушка легалдуу орноштурууну кеңейтүү маселеси талкууланды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. КРнын мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев IPS-борборунун (ишке уруксат берүү системасы) директору Ли Кенгхи менен жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ли Кенхи төраганы аталган кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасында жумушка легалдуу орноштурууну кеңейтүү жана көбөйтүү, ошондой эле, корей тили боюнча тестирлөөнүн башталышы тууралуу маселелер талкууланды.

“Муну менен катар социалдык камсыздоо жана эмгектенүүчүлөрдүн коопсуздугун эске алуу маселеси артыкчылыктуу бойдон калуусу керек”,-деди М.Айдаралиев.

Өз кезегинде Ли Кенхи эмгектенүүчүлөрдүн иштеринин бардык шарттарын айтып берип, кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу