10.01.2017, 10:25

Башкалаанын мектеп окуучулары кышкы каникулдан соң кайрадан окууга киришти

Башкалаанын мектеп окуучулары кышкы каникулдан соң кайрадан окууга киришти

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Башкалаанын мектеп окуучулары кышкы каникулдан соң кайрадан окууга киришти. Кышкы каникул сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга байланыштуу карантинди эсепке алуу менен 30-декабрдан тартып 6-январга чейин созулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда башкалаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын санын 1,5 эсеге төмөндөдү. Башкалаанын саламаттыкты сактоо департаменти мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына окуучулардын катышуусуна күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мектептеринде 137 424 окуучу билим алат.