09.01.2017, 18:08

Бишкек мэриясы үй-жайсыз адамдарды акысыз нан менен камсыз кылууда

Бишкек мэриясы үй-жайсыз адамдарды акысыз нан менен камсыз кылууда

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бишкек мэриясы үй-жайсыз адамдарды акысыз нан менен камсыз кылууда, деп билдирди башкалаанын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, Бишкектин муниципалдык наабайканасы Октябрь районундагы үй-жайсыз адамдар баш калкалаган жайга ай сайын акысыз 300 даана нан берүүдө. Жакынкы күндөрү набайкана пенсионерлерди да бекер нан менен камсыз кыла баштамакчы.

Учурда бул набайкана күн сайын нандын 3 түрүн – 300, 400, 500 граммдык салмактагы нандан 6 миң даананы чыгарат. Алардын наркы ундун сортуна жана салмагына карата 9-11 сом.

Жаңы бышкан нандан сырткары муниципалдык наабайкана катырылган нандын ар кандай түрлөрүн чыгарат. Жаңы бышкан жана катырылган нандар шаардагы 18 павильондордо сатылат. Наабайкана 12-кичи райондо, Токомбаев көчөсүндө жайгашкан.