Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/01 17:30
 

Соцфонддун төрагасы: «Жакында эмгек мигранттарына пенсия төлөө маселеси биротоло чечилет»

Соцфонддун төрагасы: «Жакында эмгек мигранттарына пенсия төлөө маселеси биротоло чечилет»

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бул тууралуу Соцфонд башчысы Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Социалдык фонддун 2017-жылдагы бюджетинин долбоору талкууланып жатканда билдиргенин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алмазбек Эргешов сындуу бир катар эл өкүлдөрү чет өлкөлөрдө иштеп жаткан эмгек мигранттарынын абалына кайрылып,алардын пенсия менен камсыз кылуу жаатында Соцфонд тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыгышты.

Ага жооп катары Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаров ушу тапта Евразия экономикалык бирлигинин алкагында, Орусия, Армения, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан өз аймагында иштеген эмгек мигранттарына пенсия төлөп берүү боюнча келишим даярдап, кол коюу алдында турганын билдирди. Ага ылайык, эмгек мигранты кайсы өлкөдө иштесе, ошол өлкө пенсия төлөп берет.

Эске салсак, жыл башындагы калдыкты эске алганда, 2017-жылы пенсиялык фонддун кирешелери 42 млрд 363 млн 578 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Эске салсак, жыл башында каражаттардын калдыгы 1 млрд 500 млн сом көлөмүндө болду.

Андан сырткары, 2017-жылы пенсияны жогорулатууга 633 млн 96 миң сом көлөмүндө каражат каралды. 2017-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатуу белгиленүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу