Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/01 14:38
 

Академик А.Эркебаевдин «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» деген китеби жарыкка чыкты

Академик А.Эркебаевдин «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» деген китеби жарыкка чыкты

Бишкек, 9-январь /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Академик А.Эркебаевдин «Өзүңдү эмес, өлкөнү ойло» деген китеби кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыкты. Бул тууралуу КР УИАнын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка караганда, академик бул китебинде коомдук ишмер жана тажрыйбалуу саясатчы катары мамлекетибизде болуп өткөн жана учурда болуп жаткан орчундуу окуяларды талдоого алган.
Ал бул китепке кирген бир топ макалаларында кыргыздын белгилүү адабият жана маданият өкүлдөрүнүн, саясатчыларынын, коомдук ишмерлеринин, ошондой эле чет өлкөлүк атактуу инсандардын ишмердиктерин анализдеген.

Айталы, Кытайдагы кыргыз манасчысы Ж.Мамай, жазууучулар Ч.Айтматов, С.Жигитов Т.Сыдыкбеков, окумуштуулар Ж.Шаршеналиев, Т.Аскаров, экс-президент Р.Отунбаева, экс-премьер-министр Ж.Ибраимов сыяктуу кыргыз элинин белгилүү инсандарынын ишин, жашоо-турмушун өзгөчө өңүттөн талдаган.

Ал эми «Илимдин коломтосун өчүрүүгө болбойт», “Баткен согушунун сабактары жөнүндө», «Карегимде Кара-Тейит», «Кыргыз илими кыймылда, бирок өзгөчө көңүл бурууга муктаж», «Чек араны кайтаруу улуттук ар-намыстын иши» деген макалаларында өлкөбүздө орун алган орчундуу окуялар, аларга жасалып жаткан мамилелердин оң-терс жактары анализденген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу