Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/01 13:13
 

Парламентте жаңы төрөлгөн балага 30 миңден 50 миңге чейин жөлөк пул төлөөнү сунуштаган мыйзам долбоору иштелип чыкты

Парламентте жаңы төрөлгөн балага 30 миңден 50 миңге чейин жөлөк пул төлөөнү сунуштаган мыйзам долбоору иштелип чыкты

Бишкек, 9-январь /Мехриниса Сулайманова-Кабар/. Депутаттар жаңы төрөлгөн балага 30 миңден 50 миңге чейин жөлөк пул төлөө тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында пайда болду, демилгечи эл өкүлү Дастан Жумабеков.

Долбоорго ылайык, КРнын “КРда мамлекеттик жөлөк пулдар тууралуу” мыйзамына толуктоо киргизүү сунушталууда.

“Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын иши учурунда жаңы социалдык программалар иштелип чыккан жок. Ооба, биз жумушсуздарга, майыптарга жана пенсионерлерге кенедей гана социалдык жөлөк пул төлөйбүз. Бирок, дайыма ушундай болуп келген жана эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Балага кам көрүү боюнча жөлөк пул төлөөдө мыйзамдын талаптарына ылайык, үй-бүлөдө жашаган пенсионерлердин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешелери кошо эсептелген. Ошентип, көпчүлүк үй-бүлөлөр балага кам көрүү боюнча жөлөк пул албай калышууда. Жөлөк пул берүүдөгү коррупция мамлекеттик бийлик органдарынын ишин жокко чыгарды”,-дейт ал.

Мыйзам долбоорунун автору жөлөк пулду ала тургандар эмес, башкалар алышууда деп билдирди.

“Мамлекеттик чиновниктин, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин үй-бүлөсү жөлөк пул алган учурлар дагы кездешкен. Жөлөк пул берүүгө даректик мамиле кылуунун системасы каралган дагы, иштелип чыккан дагы эмес. Мындай система үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы кирешесинин жыйынтыгы жана жөлөк пул берүү өзүн-өзү жок кылды. Демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда норма киргизилди, ал боюнча бала төрөөдө КР жарандарына бала 1 жашка чыкканга чейин 30 миң сомдон 50 миң сомго чейин жөлөк пул төлөнөт. Бул 1 жашка чейинки курактагы балага айына 2 миң 500 сомдон 4 миң 166 сомго чейинки сумманы түзөт. Республикалык бюджетке 4 млрд 665 млн сомдон 7 млрд 776 млн сомго чейин күч келет. Бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы чыгымын аныктоо жана жарандарды социалдык катмарларга бөлүүсүз бардык жаңы төрөлгөн балдарга тиешелүү болот”,-деди депутат.

Депутат Статистикалык комитеттин маалыматын мисал келтирди, анда 2013-жылы 155 миң 520 бала төрөлгөн, анын ичинен 1 жашка чейинки 3 миң 96 бала чарчаган.

Анын айтымында, Кыргызстандын айрым жарандары “Эне капиталын” алуу үчүн өзүнүн балдарын төрөөгө Россия Федерациясына кетип жатышат. Россиянын аймагында төрөлгөн балдар ошол өлкөнүн жараны болуп калат.

“Эгер биз азыр энелерди жана жаңы төрөлгөн балдарды колдоо тууралуу ойлонбосок, келечекте Кыргызстан ыйлай турган абалга келет. Мамлекетти өзүнүн жаңы төрөлгөн жарандарын камсыздай албаган абалда көрүү эң эле өкүнүчтүү”,-деди эл өкүлү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу