Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/01 13:00
 

Бишкекте “Кыргызстандын сулуусу-2017” сулуулук сынагына кастинг өтөт

Бишкекте “Кыргызстандын сулуусу-2017” сулуулук сынагына кастинг өтөт

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бишкекте 30-январда “Кыргызстандын сулуусу-2017” сулуулук сынагына кастинг өтөт. Бул тууралуу “Кыргызстандын сулуусу” долбоорунун координатору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.

Анын айтымында, кастингге 17-24 жаштардагы, боюу 168 см дан жогору болгон кыздар чакырылат.

Кыздар КР жараны болушу керек. Баласы жок жана никеге турбаган болушу зарыл. Ошондой эле, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбаган болушу керек.

“Сынактын жеңүүчүсү “Дүйнө сулуусу-2017” дүйнөлүк сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан жөнөтүлөт.

“Кыргызстандын сулуусу-2016” сынагында Перизат Расулбек кызы жеңүүчү деп табылып, АКШда өткөн ”Дүйнө сулуусу-2016” дүйнөлүк сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан катышап, дүйнөлүк сулуулардын 25 тобуна кирген”,-деди Таттыбүбү Самидин кызы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу