Коом

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/01 11:15
 

Кыргызстандык окуучулар Японияга барышат

Бишкек, 9-январь /Кабар/. 15 жаштан 18 жашка чейинки кыргызстандык мектеп окуучуларынын тобу «SakuraSciencePlan» программасынын алкагында Япониянын билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин чакыруусу менен Японияда кыска мөөнөттүк окуудан өтүшөт. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Сынакты Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы Физико-техникалык көйгөйлөр илимий-изилдөө институтунун, БААУга караштуу билим берүү, окутуу жана технологиялар борбору жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия жүргүздү.

Эки турдун – арыздардын япония тараптын талаптарына ылайыктуулугун жана жазылган эссени кароонун жыйынтыгы боюнча 100 дөн ашык талапкердин ичинен 10 окуучу тандалып алынды.

Жол, тамак-аш, убактылуу жашоо чыгымдарына байланыштуу бардык чыгымдарды япон тарап каржылайт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу