09.01.2017, 10:11

АКШдагы атышуудан жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жарандары жок – КР ТИМи

АКШдагы атышуудан жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жарандары жок – КР ТИМи

Бишкек, 9-январь /Кабар/. КР ТИМдин алдын-ала маалыматына караганда, Флорида штатындагы (АКШ) атышуудан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Эскерте кетсек, 7-январда Флорида эропортунда бир адам элди карай ок чыгарган. 5 адам өлүп, 37 адам жаракат алган.
Окуя Форт-Лодердейл эл аралык аэропортунун жүктөрдү берүү зонасынын №2 терминалында болгон. Ал адам Аляскадан келген. Декларацияланган куралын өзүнүн жүгү менен кошо сактаган.

NBC билдиргендей, кылмышка шектүү адам - Эстебан Сантьяго. Анын бир тууганынын айтымында, Эстебан Сантьяго Ирактын Улуттук гвардиясында, андан кийин Аляскада аскердик кызмат өтөгөн. Бирок, 2016-жылы тартипти бузгандыгы үчүн аскер кызматынан четтетилген. Ага “жаракатынан улам стресске кабылуу” жана айтылып жүргөндөй ирак синдрому диагнозу коюлган.