Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
09/01 09:50
 

Нарындагы калың кардын кесепети жоюлду

Бишкек, 9-январь /Кабар/. 2016-жылдын 27-30-декабрь күндөрү Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жааган кардын кесепетинен жол каттамы жабылып калган. 2017-жылдын 6-январында, Нарын облусунун Ат-Башы районунун алыскы кыштоосу болгон Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү кыштоо сарайларында калган 54 үй-бүлөөгө (болжол менен 200 жаран ) жана мал жандыктарына (болжолдуу 10674 топоз, 14110 кой, 10 уй жана 11230 жылкы) жардам көрсөтүү жана малдарга тоют жеткирип баруу маселеси каралган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кардын курчөөсунда калган элге жетүү үчүн №20 жол тейлөө ишканасынын техникасы менен Торугарт-Көк-Кыя айланма унаа жолу кар күрткүсүнөн тазаланып, азык-түлүк, малга тоют жүк ташуучу унаалар менен 7-январь күнү жеткирилген.

Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө жол каттамы ачылып, 8-январь күнү менчик унаалары менен азык-түлүк, малга тоют ташылып жатат. Кыштоолорго баруучу ички чарбалык унаа жолдорду жол тейлөө ишканасынын жүктөгүчү менен кар күрткүсүнөн тазалоо жана жол каттамдарын ачуу иш-чаралары жүрүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу